07.11.2022 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү!
Урматтуу кыргызстандыктар!
7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилейбиз! Кыргызстандын тарыхы биз сыймыктана турган улуу тарых. Анын түптөлүшү элибиздин башына чоң сыноолорду алып келген оор жылдарга туш болду. Ага карабастан биз күчтүү жарандык коому бар, өнүгүү үчүн болгон аракетин жумшаган мамлекетке айландык. Биз келечек муунга рухий жана маданий баалуулуктарыбызды сактап, элдин биримдигин, өлкөдөгү стабилдүүлүктү чыңдап өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Кыргызстандын келечектеги тарыхында биримдик жана тынчтык гана болсун!
Майрамыңыздар менен!
Поделиться в социальных сетях