28.12.2022 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын окуу борбору 50 жылдыгын белгиледи
Бүгүн, 2022-жылдын 28-декабрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын окуу борборунун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Султанбеков С.У., «Улуттук энергохолдинг компаниясынын» төрагасы Т.А.Байгазиев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору А.Д.Рысбеков, эл аралык, мамлекеттик, жеке компаниялардын жана окуу борборунун кызматкерлери ошондой эле энергетиканын ардагерлери катышты.
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Сабыр Султанбеков окуу борборунун жамаатын 50 жылдык мааракеси менен куттуктап, олуттуу жетишкендиктери үчүн мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырды. Ошондой эле окуу борборунун өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине да Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Байгазиев Т.А., «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Рысбеков А.Д. ыйгарды.
Мындан тышкары окуу борборунун жетекчилигине жана кызматкерлерине Ардак грамоталар менен ыраазычылык каттарды Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясы, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК, «Мегаком» ЖАК, Beeline, Сайма Телеком, «Манас» эл аралык аэропорту, «Бишкектеплосет» ААК , «Кыргызаэронавигация» МИ, «Арстанбек» ЖЧКсы, «Интегра плюс» ЖЧКсы, «Бишкексүт» ЖЧКсы, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы жана «Электросила» ЖЧКсы тапшырды.
«Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ААКтын окуу борбору – Республикадагы жалгыз адистештирилген мамлекеттик үлгүдөгү күбөлүк, сертификат берген окуу жайы болуп саналат. Аталган окуу жай жогорку чыңалуудагы көмөкчордондордун тейлөөчү жумушчудан баштап инженерге чейин окуткан жападан жалгыз билим мекемеси.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта