13.01.2023 12-январда суткалык электр энергияны эң көп керектөө учуру катталды
2023-жылдын 12-январында Кыргызстандын энергетика тармагында электр энергиясын керектөө максимум 73,8 миллион кВт/саатка жетти.
Кышкы мезгилде электр энергиясын керектөө боюнча мурунку рекорд 2021-жылдын 6-январында катталып, 73 миллион кВт саатты түзгөн.
Электр энергиясын керектөөнүн кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу электр тармактарына жана жабдууларга, өзгөчө кызуу сааттарда күч келет. Жабдууларды ашыкча ысып кетүүдөн жана иштен чыгуудан сактап калуу үчүн электр энергиясы кыска мөөнөткө өчүрүлүшү мүмкүн. Авариялык өчүүрүлөр учурунда ыкчам - мобилдик топтор күнү-түнү нөөмөттө турушат.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК керектөөчүлөрдү бир убакта бир нече тиричилик техникасын күйгүзбөөгө жана электр энергиясына аяр мамиле кылууга чакырат. Республиканын бүтүндөй энергетикалык системасынын абалынын жарактуулугу ушул суук күндөрдө электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануудан көз каранды.
Аномалдуу суук аба ырайына байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК төмөнкүдөй бир катар чараларды көрүүдө:
-Компаниянын борбордук аппаратынын жетекчилигинин, бардык филиалдардын жетекчилеринин, ошондой эле жооптуу адистердин нөөмөтү уюштурулган.
-Объекттерде өздүк курамдын кошумча түнкү нөөмөттөрү уюштурулган;
-Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда аны тез арада жоюу схемасын иштеп чыгуу менен авариялык оңдоо запасы даярдалды;
-Ремонттоо бригадалары керектүү жабдыктар жана автотранспорт менен камсыз кылынат.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта