18.01.2023 Энергокомпаниялар электр энергияны уруксат берилген көлөмгө ылайык пайдаланып жаткандыгын текшерүү максатында рейд жүргүзүүдө
2023-жылдын 18-январында «Улуттук энергохолдинг» башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбековдун жетекчилиги астындагы энергетикалык компаниялар Бишкек шаарындагы кафе-ресторандардын, ири соода борборлордун жана сауналардын электр энергияны уруксат берилген көлөмгө ылайык пайдаланып жаткандыгын текшерди.
Белгиленген нормаларга ылайык, абоненттер электр энергияны атайын көрсөтүлгөн көлөмдөн ашпай колдонууга тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыгында орто жана кичи бизнестин ээлерине электр энергиясын жылытуу максатында колдонбоону, ал үчүн альтернативдик жылытуу булактарына өтүүнү жана электр энергиясын үнөмдөө сунушталды.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, учурдагы күз-кыш мезгилинде керектөөнүн өсүшүн басаңдатуу максатында мындай рейддер республика боюнча өткөрүлөт.
Поделиться в социальных сетях