16.02.2023 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын сурап-билүү кызматынын 105-кыска номуру бүт өлкө боюнча жеткиликтүү
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын сурап-билүү кызматынын 105-кыска номуру бүт өлкө боюнча жеткиликтүү болду. Чалуулар бардык уюлдук жана стационардык байланыш операторлору үчүн бекер.
Сурап-билуу кызматынын мурдагы номерлери да иштөөсүн улантууда: 1209 – номуруна чалуулар уюлдук телефондон операторлордун тарифтик пландары боюнча акы алынат.
0 772 00 12 09 - Beeline
0 702 00 12 09 – О!
0 556 00 12 09 – Мега, бул номерде WhatsApp бар
Эскерте кетсек: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын сурап-билүү кызматы тыныгуусуз 24 саат режиминде, ошондой эле майрам жана дем алыш күндөрү да иштейт. Операторлор ар дайым чалууларга жооп берүүгө, электр энергиясы менен камсыздоого байланышкан бардык маселелер боюнча ар тараптуу маалымат берүүгө даяр.
Поделиться в социальных сетях