25.02.2023 Коомдук угууларды эске алуу менен Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү
Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Дүйнөлүк банктын экологиялык жана социалдык принциптер боюнча талаптарына ылайык даярдалган “Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү " долбоорлорун коомдук талкууга койду.
1. Экологиялык жана социалдык милдеттенмелер планы
2. Кызыкдар тараптарды тартуу планы
3. Адам ресурстарын башкаруу жол-жоболору
4. Көчүрүү саясатынын негизи
5. Экологиялык жана социалдык башкаруунун алкактык документи
“Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү” долбоору даярдалууда жана ал чакан ГЭСтерди өнүктүрүү менен реконструкциялоого багытталат; күн энергиясы боюнча пилоттук долбоорду даярдоо, анын ичинде тармакты чыңдоо; жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун даярдоого техникалык жардам көрсөтүү.
Долбоорду өнүктүрүүнүн биринчи фазасынын максаты – Кыргыз Республикасында гидроэнергетиканы өндүрүүнү көбөйтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына интеграцияны өркүндөтүү.
Талкууга коюлган документтер боюнча коомдук угуулар 2023-жылдын 30-31-январына белгиленген. Бул документтер боюнча сунуштар жана сын-пикирлер Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.
Поделиться в социальных сетях