28.03.2023 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК «Энергетика тармагындагы жаңы техника жана технологиялар» темасындагы Бирдиктүү бетачар күнүн өткөрөт
Үстүбүздөгү жылдын 18-19-майында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын кезектеги «Бирдиктүү бетачар күнүн» «Энергетика тармагындагы жаңы техника жана технологиялар» темасында өткөрүү пландалууда.
Бул иш-чаранын максаты - инновациялык атаандаштыкка жөндөмдүү идеяларды, даяр продукцияларды жана технологиялар менен таанышып, аларды иш жүзүнө ашыруу.
Бирдиктүү бетачар күнүнө катышууга- жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк энергетикалык компаниялардын, Кыргызстандын илимий чөйрөлөрүнүн жана университеттеринин, ошондой эле электр жабдууларын өндүрүүчү иш каналардын өкүлдөрү чакырылган.
«Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ААКтын «Бирдиктүү бетачар күнү» республиканын булуң бурчундагы аталган кесип ээлеринин, энергетикалык жабдууларды өндүрүүчүлөрүнүн пикир алмашуусу жана заманбап технологиялар боюнча маалымат алуу үчүн кесипкөй аянтча катары кызыктырат. Алгачкы жолу «Бирдиктүү бетачар күнү» 2018-жылы өткөрүлгөн. Ага бул тармактагы ири иш каналар, тактап айтсак: Siemens, General Electric, Уралэлектротяжмаш, Изолятор заводу, Таврида Электрик, SVEL, SDEE, ошондой эле релелик коргоо жана автоматика жабдууларын, диагностикалык приборлорду, программалык камсыздоону чыгаруучу- Ekra, OMICRON Electronics, Prosoft-Systems, STC Mekhanotronika, SATEC, NPK Energosouz, NPP Dinamika өңдүү компаниялар-катышкан.
2019-жылы Кыргызстандын энергетика системасынын 85 жылдыгына карата “Энергетика тармагындагы санариптик технологиялар” аттуу темада «Бирдиктүү бетачар күнү» болуп өткөн. Бул иш-чарада жабдууларды, технологияларды, приборлорду өндүрүүчү ООО «Свей», ООО «Интрон Плюс», ООО «Уралэнергосервис, ООО «SAP СНГ», ООО «Норбит», ООО НПП «Экра», ЗАО «НПК «Энергосоюз», ООО «НПП «Динамика», ТОО «Siemens», Sergi transformer protector, ООО «НПФ «Модем», ООО «Релематика», Qualitrol LLC, АО «Информтехника», ООО «СМС – Информационные технологии», ООО «Промэнерго» жана ООО «Масса» компанияларынын презентациялары көрсөтүлгөн.
2020-2022-жылдары «Бирдиктүү бет ачар күнү» COVID-19 пандемиясына байланыштуу жүргүзүлгөн эмес. Ал эми быйыл бул иш чара кайрадан уланууда.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта