18.05.2023 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК «Энергетика тармагындагы жаңы техника жана технологиялар» темасындагы бирдиктүү бетачар күнү өтүп жатат
18-19 майда, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын кезектеги «Энергетика тармагындагы жаңы техника жана технологиялар» темасында бирдиктүү бетачар күнү өтүп жатат.
Бул иш-чаранын максаты - инновациялык атаандаштыкка жөндөмдүү идеяларды, даяр продукцияларды жана технологиялар менен таанышып, аларды иш жүзүнө ашыруу.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков ачышты.
Бирдиктүү бетачар күнүнө 26 негизги электр жабдууларын өндүрүүчүлөр компаниялардын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк энергетикалык компаниялардын, Кыргызстандын илимий чөйрөлөрүнүн жана университеттеринин, ошондой эле электр жабдууларын өндүрүүчү иш каналардын өкүлдөрү катышууда.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын бирдиктүү бетачар күнү республиканын булуң бурчундагы аталган кесип ээлеринин, энергетикалык жабдууларды өндүрүүчүлөрүнүн пикир алмашуусу жана заманбап технологиялар боюнча маалымат алуу үчүн кесипкөй аянтча катары кызыктырат.
Поделиться в социальных сетях