05.07.2023 МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: 2023-жылы энергетиктерге 76 атайын жаңы техника тапшырылат, бүгүн 29 техниканын ачкычын тапшырып жатабыз
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычын тапшырды.
Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров акыркы жылдары реформалардын алкагында бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилип, анын натыйжасында компаниялардын чыгымдары туура пайдаланылып, энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылганын билдирди.
“Жабдуулар, линиялар – баары эскирди, жогорку чыңалууларга чыдабай жаткандыгы белгилүү. Президентибиз бул маселени чечүү үчүн электриктерге иштегенге шарт түзүү милдетин алдыңкы планга койгон. Акыркы эки жылда биз энергетикада бир топ жаңыланууларга бардык. Кыргызстан жаңы техникаларды өзүнүн каражатына сатып алып жатат, бир сом дагы кредиттик каражат жок. Мамлекет өзүнүн каражатына техникаларды ала баштаганы өнүгүү жолунда экендигибизден кабар берет”, – деди ал.
Акылбек Жапаров энергетиктерге 29 атайын жаңы техникалардын ачкычын тапшырып жатып, жалпысынан 2023-жылга 359 млн сомго 76 атайын жаңы техника алынаарын кошумчалады.
“Адистештирилген техникалар энергетика тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт жана электр менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жакшыртат деп ишенем”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.
Министри Таалайбек Ибраев атайын техникаларды тапшыруу аземинде энергетиктерди өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылууга, авариялык өчүрүүлөрдү алдын алууга жана алынган техникларга аяр мамиле жасап колдонууга чакырды. Аны менен катар алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык иштерин өз убагында бүткөрүү керек экенин баса белгиледи.
"Эсиңиздерде болсо керек биз апрель айында Электр тармактар ишканаларына атайын техникаларды тапшырганбыз. Бүгүн дагы жаны техника тапшырганы турабыз. Бул биз үчүн ийгиликтүү иштердин бири десек болот. Себеби биздин койгон пландарыбыздын бири бул " Кыргызстан улуттук электр тармактары " ААКтын филиалдарын керектүү жабдуулар, техникалар менен камыздоо болчу. Ал коюлган пландар чекесинен аткарылып келе жатат. Эгерде биз энергетиктерди керектүү жабдуулар жана атайын техникалар менен камсыздап бере албасак, алар калкка сапаттуу электр энергиясын бере албайт, иш алдыга жылбайт. Ошондондуктан колдон келген аракеттерди дагы да кыла бермекчибиз. Урматтуу кесиптештер! Техникаларга аяр мамиле жасаңыздар жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты өз убагында, сапаттуу бүткөрүңүздөр. Бүгүнкү алган техниканар кут болсун” – деди Ибраев.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта