30.11.2017 И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына арналган иш чара өттү
30.11.2017. И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын Күнү өттү. Иш-чара жогорку окуу жайдын «Энергетикалык факультетинин» 60 жылдык мааракесине арналган, ага «Кыргызстан улуттук электр тармагы» компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары Эмил Куданалиев, ишкананын бөлүм жетекчилери, профессордук-окутуучу курам жана «Энергетикалык факультеттин» студенттери катышты.
Иш-чараны ачып жатып Эмил Куданалиев профессордук-окутуучу курамды факультеттин 60 жылдык мааракеси менен куттуктап ишинде ийгиликтерди каалап өттү. «Бул убакыт аралыгында студенттерди окутуп, республиканын энергетикалык секторуна жогорку билимдүү адистерди даярдоодо салымыңар абдан чоң. Сиздер окутуп чоңойткон адистер бүгүнкү күндө энергетика өндүрүшүндө алгылыктуу иш алып барышууда. Көп убакыт аралыгында Кыргызстанда энергетиктер эски жабдууларда иш алып барышты, учурда абал өзгөрдү. Жыл өткөн сайын энергетика тармагында жаңылануулар болуп эскирген жабдыктар жаңыланып заманбап техникалар алынып келинүүдө. Энергетика жаатында маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда. «Датка-Кемин жана Кемин подстанциясы курулду. Жакынкы жылдары СASA – 1000 эл аралык долбоору ишке ашат, аны менен бирге биз дүйнөлүк рынокко чыгууга жол ачабыз», - деди Э.Куданалиев.
Компаниянын тармактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери маалымат беришип, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу кыска видео фильм, роликтер сунушталды. Мындан тышкары иш чаранын катышуучулары, студенттердин кызыгуусун жарата турган техника алынып келинип көрсөтүлдү. Компаниянын жаш адистери алардын иштеши тууралуу кенен маалымат беришти. Буга чейин бул жабдыктарды китептен сүрөт жүзүндө гана көргөн студенттердин кызыгуусун арттырды.
Студенттер окууну аяктаган соң, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» компаниясына кантип жумушка орношууга боло тургандыгын, компанияда иш менен бирге илимий эмгектерди жасоо мүмкүнбү деген суроолорду беришти. Студенттер кызыккан суроолорунун баарына жооп ала алышты.
Өз кезегинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы техникалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери окуу жайга келип жабдыктарда иштөө боюнча лекцияларды окуганга, студенттер үчүн энергетикалык объектерге экскурсияларды уюштурууга, инженердик тапшырмаларды аткаруу боюнча чемпионаттарды уюштурууга даяр экендигин билдиришти.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта