06.12.2017 Кыргызстан энергетика тутумунда электр энергиянын суткалык керектөөсү максималдык чекте катталып – 61 млн кВт.с. түздү
2017-жылдын 5-декабрында Кыргызстан энергетика тутумунда электр энергиянын суткалык керектөөсү максималдык чекте катталып – 61 млн кВт.с. түздү. Бул жагдай аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу. Былтыр суткалык керектөөнүн максималдык чеги 26-декабрда катталып – 59 млн. кВт.с. түзгөн.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2017-жылдын ноябрь айында Кыргызстан энергетика тутумунда 1, 359 млрд кВт.с. электр энергия керектелген.
Поделиться в социальных сетях