21.12.2017 Бишкек шаарында модернизацияланган «Северная» көмөк чордонунун ачылышы болду
2017-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарында модернизацияланган «Северная» көмөк чордонунун ачылышы болду, ага «Улуттук энергохолдинг» ААКнын башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Садыков, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Медетбек Айткулов, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын директору Таалайбек Ибраев, Бишкек шаарынын Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков жана башкалар катышышты.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 35кВ чыңалууну 110 кВ чыңалууга, 110/35/6 кВ 40 МВА кубаттулугу менен күчтүк трансформаторун которуу менен, заманбап жабдык 110/35 кВ жана ССБТ – 6 кВ орнотуу, 35 кВ узундугу 0,4 км болгон аба чубалгысын 110 кВ чыңалууга өткөрүү менен «Северная» көмөк чордонунун модернизациялоо иштерин аяктады.
«Северная» көмөк чордону Бишкек шаарынын Тоголок Молдо менен Фере көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Ал Бишкек шаарынын Совет, чоң Чүй каналы (ЧЧК), Махатма Ганди, Красный строитель жана Ак-Босого конушун электр энергиясы менен камсыздайт.
Реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жумушчулары тарабынан ишке ашкан.
Модернизацияланган көмөк чордондун ишке кириши менен:
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта