17/12/2017 15-декабрда Кара-Балта - Ак Суу - Сокулук 110 кВ транзиттик АЧнын – авариялык өчүүсү болгон
2017-жылдын 15-декабрында саат 14-02де Кара-Балта - Ак Суу - Сокулук 110 кВ транзиттик АЧнын – авариялык өчүүсү болгон. Кара-Балта көмөк чордону тарабынан кол менен кошкон учурда, чукул туташуунун жоюлбагандыгынан улам 1990-жылы чыккан ВМТ-110 кВ типиндеги 110 кВ сызыктуу майлуу өчүргүч жабыркаган. Кыска убакыттан кийин чыңалуу ВЛ-110 кВ Кара-Балта – Ак Суу резервдик өчүргүч аркылуу берилген.
Ак-Суу – Сокулук АЧ-110 көзөмөл жүргүзгөн бригадасы №10 АЧ–110 тирөөчүндө бузулган чубалгынын бөлүгүн жана күйүп кеткен чоң канаттууну табышкан. Мындан тышкары Асыл-Баш айылынын жанындагы электр өткөрүү чубалгысында чубалган болот зымын алышкан. Азыркы учурда бузулган өчүргүч алмаштырылдын.
Үстүбүздөгү жылы «Кара-Балта» көмөк чордонунда 220 кВ майлуу өчүргүчтөрдүн бардыгы заманбап элегаздык өчүргүчтөргө алмаштырылган. 2018-жылдын май-июнь айларында 110 кВ майлуу өчүргүчтөрдү толугу менен алмаштыруу пландалууда.
Поделиться в социальных сетях