22.12.2017 Башкармалыктын төрагасы Калиев А.Р. Энергетиктердин күнү менен куттуктоо сөзү
Урматтуу кесиптештер, ардактуу ардагерлер!
Сиздерди “Энергетика күнү” кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!
Энергетикалык комплекс Кыргыз Республикасынын экономикасынын стратегиялык жактан эң маанилүү бөлүгү болуп саналат. Энергетикабыздын штаттык режимде иштөөсү – бул ирээтке келтирилген заманбап тутумдан да жогору нерсе. Чогуу аткарган ишибиздин жыйынтыгы менен жарандарыбыздын ыңгайлуу жашоосу үчүн шарттар түзүлдү.
Өтүп кеткен бир канча жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын энергетика тармагы алда канча алдыга озуп чыкты. 500 киловольттук «Датка» жана «Кемин» электр өткөрүүчү жогорку вольттук чубалгысын куруу боюнча ири масштабдагы долбоорлор аяктады. Натыйжада жеке “энергия шакекчеси” түзүлдү жана электр энергияны берүү маселелеринде коңшу мамлекеттерге көз каранды болуу толугу менен жоюлду. Ошол мезгилде пайдаланууга берилген объекттер азыр да өлкөнүн энергетика тутумунда ишенимдүү иштеп жатат. Алардын көбү модернизацияланып, “экинчи демге” ээ болушту. Мисалга алсак, ири жана маанилүү болгон “Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо” долбоору аяктап, салттар менен инновациялардын айкалышып турган үлгүсү болуп калды. Ошондой эле Борбордук жана Орто Азияны бириктирип турган CАSА-1000 регионалдардын ортосундагы энергетикалык долбоор үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылууда. Аталган долбоорлор кыргыз энергетикасын мындан ары да өнүктүрүү үчүн бекем негиз болуп бермекчи. Токтогул ГЭСин, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо жана Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча стратегиялык жактан маанилүү болгон долбоорлор башталды. Булар ишке ашырылганда электр энергияны иштеп чыгуу маселеси толук чечилет, мамлекеттин энергия багытындагы коопсуздугу сакталат жана электр менен ишенимдүү камсыздалат.
Мындан тышкары энергиянын натыйжалуулугун жана энергияны үнөмдөөнү жогорулатуу максатын көздөп жатабыз, экспортко, ошондой эле энергетика тармагында коңшу мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Келечек муунду бул максаттарга жана баалуулуктарга маани берүүгө жана чын ыклас менен мамиле кылууга үйрөтүү кажет.
Урматтуу кесиптештер!
Энергетика өлкөбүздүн эсенчилиги жана туугандарыбыздын аманчылыкта болушуна негиз болорун белгилей кетүү зарыл. Бизге абдан чоң жоопкерчилик жүктөлгөн жана электр менен жылуулук энергияны үзгүлтүксүз берүүдө милдеттердин аткарылышы үчүн чыдамкай болууну, берилип иштөөнү талап кылат.
Бирге иштесек, элдин жыргалчылыгы үчүн энергетика тутумунун туруктуу жана натыйжалуу иштөөсүн камсыздай турган өзгөрүүлөргө жетебиз деп ишенем.
Үзүрлүү эмгектериңиздин натыйжасында ар бир жарандын үйүнө жана кызмат ордуна электр жана жылуулук энергия берилип жатат. Бул нерсе цивилизациянын жана ыңгайлуулуктун белгиси. Күтүүсүз кырдаалдарда эрдик, чыдамкалык жана жоопкерчилик менен иштеп жаткандыгыңыздар үчүн таазим этем.
Өзгөчө өз көп жылдар бою жан аябай эмгек кылган энергетиканын ардагерлерин белгилеп кетким келет, анткени бирдиктүү энергетика тутумун түзүүдө канчалаган энергетиктер эмгек, билимдерин жана тажрыйбаларын жумшашты. Азыркы муундун энергетиктерине жоопкерчиликтүү иш жүктөлгөн, башкача айтканда, кесипкөйлүгүн колдонуулары, алган базасын көбөйтүүлөрү жана абдан керектүү кесипти келечек муунга өткөрүп берүүлөрү керек.
Ишиңиздерде авария болбошуна, бардык ойлогон ой максаттарыңыздын ойдогудай орундалышына, компанияңыздарда экономикалык туруктуулук болушун, энергетика тармагын өнүктүрүү жана модернизациялоо ишинде бардык саамалыктардын ийгиликтүү аякталашына тилектешмин. Сиздерге жана жакын туугандарыңызга чың ден соолук, эсенчилик каалайм!
Урматтоо менен,
Башкармалыктын төрагасы Айбек Калиев
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта