22.12.2017 Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады
Урматтуу энергетиктер жана тармактын ардагерлери – сиздерди кесиптик майрамыңыздар “Энергетика күнү” менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Энергетика тармагы республикабыздын экономикасынын негизин түзүп турат жана сиздер аткарып жаткан оор, күнүмдүк иштер өлкөбүздүн мындан ары да гүлдөп өсүшүнө чоң салым кошот. Энергетиктердин бир нуктагы жана так аткарган иштеринин натыйжасында ар бир үй жарык жана жылуу болуп турат.
Энергетиктердин кесиби тиричилик кылуунун ар кыл багытында жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Энергетика тармагынын туруктуу жана ишенимдүү иштөөсү элдин жыргалчылыгын жана мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыздайт.
Акыркы жылдарды энергетика тармагынын тарыхындагы бурулуштуу жылдар деп атасак болот: “Датка-Кемин” 500 кВ электр энергия чубалгысы курулуп бүтүп, 500 кВ электр тармактарынын жеке шакекчеси түзүлдү жана республиканын энергияга болгон көз карандысыздыгы камсыздалды, ири жана маанилүү делген “Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо” долбоору аяктады.
Токтогул ГЭСин, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо жана Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү долбоору боюнча стратегиялык жактан маанилүү долбоорлор түзүлгөн. Мунун жыйынтыгы электр энергияны иштеп чыгуу маселесин толугу менен чечүүгө, республикадагы энергия коопсуздугун түзмөкчү жана электр менен ишенимдүү камсыздоого жардам бермекчи.
Урматтуу энергетиктер! Мындан кийин да энергетикалык комплекстин туруктуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо боюнча мамлекеттин берген тапшырмаларын да ийгиликтүү аткарасыңар деп ишенем.
Бул маанилүү күндө мамлекетибиздин энергетика тутумун өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошкон энергетика тармагынын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирип кетким келет. Алар түзүп кеткен бекем пайдубалдын аркасында энергетика тармагы бүгүнкү күндө өз ишин улантууда жана өнүгүүдө.
Кесиптик майрам күндө Сиздерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачыл ийгиликтерди каалап кетүүгө уруксат этиңиздер.
Дагы бир жолу баарыңыздардын кесиптик майрамыңыздар кут болсун! Жаңы жетишкендиктерди, ийгиликтериди багындыра бериңиздер, чың ден соолук, бакыт жана эсенчилик каалайм!
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта