23.01.2018 Бүгүн «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өттү
Бүгүн 2018-жылдын 23-январында «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКнын жыйындар залында өз акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өттү.
Анда күн тартибине ылайык төмөндөгү маселелер каралды:
- Эсептөө комиссиясынын курамы жөнүндө;
- «КУЭТ» ААКнын уставына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- «КУЭТ» ААКнын директорлор кеңеши жөнүндөгү» жоболорго толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- 2017-жылга карата «КУЭТ» ААКнын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- 2017-жылга коомдун көз карандысыз аудиторун жана аудитордун кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө;
- Коомдун Директорлор кеңешинин курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө.
Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун жыйынтыгы «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКнын расмий сайтына www.nesk.kg «Акционерлерге жана инвесторлорго» бөлүмүнө жайгаштырылат.
Поделиться в социальных сетях