29.01.2018 2018-жылдын 28-январында республика боюнча электр энергиясын пайдалануунун рекорддук чеги катталды
2018-жылдын 28-январында республика боюнча электр энергиясын пайдалануунун кечки максимум учурунда электр кубаттуулугун пайдалануунун рекорддук чеги катталып 3193 МВт түздү. Негизги басым Бишкекте болуп 1050 МВт ашкан.
500-220-110 кВ тармактарынын жабдууларына ашыкча жүктөмө келгендигине карабастан «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК штаттык режимде иштеп жатат. Өткөн суткаларда Бишкекте 110 кВ күчтүк трансформаторлорго бир аз күч келген. Ал эми 500-220 кВ күчөтүлгөн трансформаторлор ченемдик режимде иштөөдө.
Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалы ыкчам-оңдоо тобу күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда жана жетекчилик, техникалык топтор кошумча күнү-түнү иш нөөмөтүнө чыгууда.
Поделиться в социальных сетях