23.03.2018 Электр өткөрүүчү чубалгыларына жакын күйгүзүлгөн от, авариялык өчүүлөргө, стратегиялык объектердин иштен чыгышына алып келет
Жаздын келиши менен электр чубалгыларынын жанында жагылган өрттөр көбөйүп авариялык өчүүлөр көп болууда. Жергиликтүү калк өздөрүнө тийиштүү жерлерди, талааларды тазалап күздө түшкөн жалбырактарды, камыштарды чогултуп өрттөшүүдө. Акыркы күндөрү, улам чыккан өрттөн Чүй облусунда тутум түзүүчү эки чубалгы өчүп калган.
- 2018-жылдын 20-мартында 220 кВ «Главная-Алма-Ата» мамлекеттер аралык тутум түзүүчү чубалгы өчүп калган. Ага Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №790-793 тирөөчтөрдүн жанында өрттөлгөн камыш жана былтыркыдан калган жалбырактар себеп болгон.
2018-жылдын 21-мартында 220 кВ «Главная-Чүй» тутум түзүүчү чубалгы өчүп калган. Ага Ысык-Ата районунун Көчөрбай жана Ивановка айылдарындагы №88-89, 90-91, 93-94, 114-115 тирөөчтөрдүн жанында күйгүзүлгөн камыш менен чириген чөп себеп болгон.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК бир канча ирет жергиликтүү бийлик органдарына, калк арасында электр чубалгылар өтүүчү тирөөчтөрдүн жанында чириген камыш, чөп, жалбырактарды өрттөгөнгө болбой тургандыгы тууралуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча кат жөнөткөн.
Түтүн, өрттүн жалыны өткөргүч катары таасир берип, туташуу коркунучу пайда болуп жабдуулар автоматтык түрдө өчүп электр энергиясынын берилишин үзгүлтүккө учуратууда.
Калкты, стратегиялык объектерди кайрадан электр энергиясы менен камсыздаш үчүн өрттүн өчүшүн күтүш керек. Эгерде өрт күч алып жалындап чубалгыларга чейин жетсе ири авария болуп жабдуулардын иштен чыгышына себепкер болот.
Мындан тышкары, жогорку чыңалуудагы чубалгыларды которуштурууда чыңалуу туруктуу болбой, үй тиричилик техниканын, электржабдуулардын ишине терс таасирин тийгизет.
Ушундан улам «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК калкты электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүктөр болбош үчүн жарандарды тирөөчтөрдүн алдында, ага жакын жерлерде, электр чубалгылары өткөн жерде таштандыларды, жалбырак менен камыштарды өрттөбөгөнгө, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырат.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта