26.03.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппараты жана филиалдары кезектеги ишембиликке чыгышты (фоторепортаж)
«Таза жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппараты жана филиалдары 2018-жылдын 24-мартында кезектеги ишембиликке чыгышты.
Энергетиктер «Таза жашоо» кампаниясына жигердүү катышууда, башкы максаттардын бири айлана-чөйрөнүн булганышына коомчулуктун көңүлүн буруу.
Бардык облустарда административдик имараттардын, көмөк чордондордун тегерек-четтери тазаланууда. Мындан тышкары энергетиктер жалпы шаардык, облустук ишембиликтерге катышып жатышат.
Поделиться в социальных сетях