30.03.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунда оңдоо иштери башталды
2018-2019-жыл күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүү максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда оңдоп-түзөө кампаниясы башталды.
Компаниянын балансындагы:
- Жалпы узундугу 7492 км. болгон 110/ 220/500 кВ АЧларда ,
- 110/220/500 кВ 197 көмөк чордондо, анын ичинде 110 кВ - 179, 220 кВ – 14 жана 500 кВ 4 көмөк чордондо оңдоо иштери башталды.
Бекитилген графикке ылайык, бардык көмөк чордондордо жана жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү чублгыларда капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда.
Мындан тышкары, «Энергетика секторун өнүктүрүү», «Баткен облусунун Лейлек районунун Арка массивинин электр энергиясы менен камсыздалышын жакшыртуу» долбоорлорунун алкагында энергетика объектерин куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иштер улантылат.
«Энергетика секторун өнүктүрүү» долбоору боюнча маалыматтарды эсептөө жана контролдоо, маалыматтарды жыйноо жана диспетчердик контролдоо автоматташтырылган тутумдары киргизилген.
«Баткен облусунун Лейлек районунун Арка массивинин электр энергиясы менен камсыздалышын жакшыртуу» долбоору эки лот менен ишке ашууда.
№1лот. Жаңы курулуп жаткан 110 кВ «Раззаков» көмөк чордонунан 110 кВ «Арка» көмөк чордонуна чейин узундугу 51 км. Болгон 110 кВ аба чубалгысынын курулушу.
№2 лот. Жаңы110 кВ «Раззаков» көмөк чордонун куруу жана 110 кВ «Арка» көмөк чордонун реконструкциялоо.
Учуда биринчи лот боюнча электр өткөрүүчү чубалгысын деталдуу долборлоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Экинчи лот боюнча подрядчик менен келишим түзүү иштери жүргүзүлүүдө.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта