29.04.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жол-курулуш мекемелерин оңдоо иштеринде электр аба чубалгысынын белгиленген кайтарылуучу чөлкөмдөрдүн эрежелерин сактоого чакырат
Ушул жылдын 19-апрелинде, «Парковая-Ала-Арча - 2» 110 кВ АЧда жана 23-апрелде «Ала-Арча – Ново-Южная-1» 110 кВ АЧда бир нече ирет өчүүлөр болгон.
Энергетиктер кыдырып текшерген учурда Бишкек шаарынын аймагында жана шаар четтеринде жолдорду оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө куруучулар электр аба чубалгысынын белгиленген кайтарылуучу чөлкөмдөрдүн эрежелерин сактабай иштеп жаткандыгын аныкташкан. Жол-куруучулар коопсуздук техниканы сактабастан, атайын техника менен аба чубалгысына жакын иштешүүдө. Өз кезегинде ал автоматтык өчүүгө алып келип, стратегиялык линиялар өчүп, электржабдыктардын бузулушуна алып келүүдө.
Мындан тышкары жол куруучулар коопсуздукту сактабагандыктан улам өз өмүрүн тобокелдикке салып жогорку чыңалуудагы токко урунуп калуу коркунучу жаралууда.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК өз кезегинде жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы алында иштөөдө жол курулушчулардын иштери энергетиктер менен макулдалышы керек экендигин билдирет.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалы тийиштүү органдарга (башкы прокуратура, мэрия, мамэкотехинспекцияга) коргоодогу АЧ алдында иштөө боюнча эрежелерди бузуп жаткан куруучуларга каршы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылйыак чара көрүүнү суранып кат жолдогон.
Поделиться в социальных сетях