1-май - Эмгек күнү: жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо жана электр берүүчү аба чубалгыларында иштеген энергетиктердин эмгеги тууралуу
1-май – эмгекчилердин эл арлык майрамы, ал көптөгөн мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда да, белгиленип келет.
Бүгүн, бир эле убакта кызыктуу, тобокел кесип болуп саналган энергетиктердин иши тууралуу айтып бергибиз келди. Энергетиктердин эмгегинин үзүрү – үйүбүздө, бала -бакчада, мектепте, кеңсебизде жарык жана жылуу. Алар кыштын суугуна, жайдын ысыгына, дем алыш, майрам күндөрүнө карабастан күнү-түнү иштеп бизге жарык ыроолоп келишет.
Акунов Тилек «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалынын Бишкек көмөк чордондор тобунун электр жабдууларын оңдоо боюнча электр слесары.
Менин негизги милдетим электр чордондордун жабдууларын оңдоо. Жумушум кооптуу кесиптердин бири болуп саналат, ушундан улам өз ишиме так жана кылдаттык мамиле жасоом керек.
Энергия - өтө пайдалуу нерсе, бирок жогорку чыңалууда аябай кооптуу болуп саналат. Биздин объекттерде агындын чыңалуусу 110 кВдан 500 кВга чейин жетет. Ушундан улам электр жабдууларды тейлөөчүлөрүнүн ар бир кадамы тыкан болушу абзел, кичинекей ката ден соолугуңа, жашооңо кооптуу.
Биздин кесипте башкы сапаттардын бири жоопкерчилик, тактык жана тыкандык. Эң башкысы коопсуздукту сактоо. Негизги милдетибиз - калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо.
Касымкулов Тилек «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалынын Ала-Арча көмөк чордон тобунун электр куроочусу.
Мектепте окуп жүргөндө эле ушул кесип менен иштей тургандыгымды билгенмин, окууну аяктагандан соң энергетика багытында билим алгам. Энергетика бул Кыргызстандын келечеги деген ойдомун, биз гидроресурстарга бай өлкөбүз.
Өз ишиме кылдат жана жоопкерчиликтүү мамиле жасаймын. Кезметке тураар алдында көмөк чордондо текшерүү жүргүзүп, кемчиликтери болсо отчет түзүү менен кезметти өткөрүп алабыз.
Ар бир үч саат сайын «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын диспетчердик пунктту менен байланышып турабыз. Электр энергиясы республика боюнча дипетчердик пункт аркылуу башкарылат.
Электр энергиясынын чыңалуусунун азайышы, көбөйүшү жана башка өзгөрүүлөрү диспетчердик пунктунун экранында көрүнүп турат.
Энергетика тутумдагы бардык диспетчердик пункттар стратегиялык объект болуп саналат, бул жакта иш режими аскердик объектегидей, так жана ыкчам.
Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылыш үчүн биз жүздөгөн, миңдеген эсептерди жүргүзөбүз.
Нурманбетов Улан «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалынын Бишкек көмөкчордондор тобунун улук чебери.
Энергетика тармагына келгениме 9 жыл болду. Окууну аяктаган соң 2009-жылы ишке орношуп, ошол таптан бери иштеп жүрөмүн, бул убакыт аралыгында көп нерсени өздөштүрдүм. Учурда энергетика тармагында иштеп жатканыма кубанычтамын.
Жакын адамдар гана биздин жумушубуздун кыйынчылыгын жана оорлугун билишип түшүнүү менен мамиле кылышат. Көп учурда жаратылыш шарттарына карабай, күнү-түнү жумушка чыгабыз.
Бишкек шаарынын аймагы, калкы көбөйгөндүгүнө байланыштуу 110-35-6-10 кВ чыңалуудагы көмөк чордондорду куруу, капиталык оңдоо багытында иш алып баруудабыз.
Биздин башкы максатыбыз керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү.
Добут уулу Түгөлбай Чүй филиалынын чубалгы кызматынын электр куроочусу.
Биздин ишкананын башкы обьекттери 110, 220 жана 500 кВ чыңалуудагы электр чубалгылары. Электр куроочунун башкы милдети аба чубалгыларын куроо, сыпаттоо жана оңдоо.
Электр куроочу кылдат жана чыдамкай болуш керек. Биздин ишибиз алсыздарга жарабайт, оор шарттарда, 20 метрден жогору жакта иштегенге туура келет. Чыдамкай, жоопкерчиликтүүлөр гана бийиктикте иштеп элге жарык тартуулайт.
Иманалиев Чынарбек Чүй филиалынын чубалгы кызматынын электр куроочусу.
Кыргызстан тоолу аймак, электр аба чубалгылары тоо кыркалары аркылуу өтөт. Автоунаа менен бара албаган жакка тетиктерибизди көтөрүп алып жөө барганга туура келет. Кайсыл жерде өчүү болгондугун аныктап, аны оңдоп чыгышыбыз керек. Жайдын ысыгына, кыштын калын карына карабай аралап барып, тирөөчтөргө чыгып, милдетинди аткарасын.
Маалымат үчүн: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому электр станциялары иштеп чыккан электр энергиясын жогорку чыңалуудагы чубалгылар аркылуу бөлүштүрүүчү компанияларга жана ири өнөр жайларга жеткирген компаниясы.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому Кыргызстан энергетика тутумунда борбордук ыкчам-деспетчердик башкаруу тутумунун оператору болуп саналат.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта