18.05.2018 Энелер күнүнүн алдында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалында салтанаттык иш чара өттү
Бул жылы Кыргызстанда Энелердин күнү 20 майга туш келди. Майрамды утурлай «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалынын директору Таалайбек Ибраев мекемеде иштеген айымдарды майрамы менен куттуктап белектерди тапшырды. Ошондой эле майрамдык иш чарага 5тен ашык бала тарбиялап жаткан кызматкерлердин жубайлары да чакырылган, алар да баалуу белектерге ээ болушту.
Учурда компаниянын Чүй филиалында 121 айым эмгектенет.
Поделиться в социальных сетях