21.05.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кызматкерлери адам ресурстарын башкаруу багытында квалификациясын жогорулатууда
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунда ушул жылдын 21-майынан 24-майына чейин жетекчилик курамынын жана кадрлар кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча «Электр тармактары ишканаларында кызматкерлер мене ниш алып баруу жана башкару» темасында окуулар өтүүдө.
Окуу курсун Россия Федерациясынын Энергетика министрлигинин квалификация жогорулатуу боюнча Петербург энергетикалык институтунун «Адам ресурстарын башкаруу» кафедрасынын башчысы А.Н.Целищев өткөрүүдө. Окуу курсун ийгиликтүү аяктаган угуучуларга эл аралык стандарттагы тастыктамалар тапшырылат.
Окутуунун башкы максаты – адам ресурстарын башкаруу багытында жетекчилик жана кадрлар кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу.
Поделиться в социальных сетях