29.05.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кызматкерлери «Таза жашоо» кампаниясына жигердүү катышышты (фоторепортаж)
26-майда Кыргыз Өкмөтү тарабынан көрктөндүрүү боюнча жарыяланган «Таза жашоо» кампаниясы жыйынтыкталды. Бул иш чарага «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын жана облустардагы филиалдардын кызматкерлери жигердүү катышышты.
Үч ай аралыгында райондук, шаардык, республикалык ишембиликтерге чыгып жергиликтүү администрация тарабынан бөлүнгөн аймактар тазаланды, көрктөндүрүлдү.
Ошондой эле, ар ишемби күндөрү жумушчулар ишканага тийиштүү өздүк аймактарын тазалап, бактарды, гүлдөрдү отургузушту. Жаз айынын башында бутактар кыркылып, түптөрү акталган.
Поделиться в социальных сетях