30.05.2018 Жалал-Абадд жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасында алдыдагы кышка даярдыктар жүрүп жатат
Жалал-Абаддагы жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы тарабынан 2017-2018-жылдагы кышка карата жакшы даярдыктар көрүлгөндүктөн күз-кыш мезгилинде 110-220-500 кВ чыңалуудагы көмөк чордондордун жана электр чубалгыларынын иши жакшы жолго коюлду. Ошонун натыйжасында алдыга коюлган өндрүштүк пландар өз убагында сапаттуу жана толугу менен аткарылды. Эң башкысы, күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөр же электр кубатын бере албай калуулар болгон жок жана калк арасында ыңгайсыздыктар жаралбады.
«2017/2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине филиалдардын ишинин даярдык шарттарынын аткарылышына баа берүү жөнүндө» жобону жетекчиликке алуу менен ишкананын күз-кыш мезгилине даярдыгы жакшы экенин белгилеп, даярдык паспортун берген.
Ишканада күз-кыш мезгилин жакшы өткөрүү максатында ишканада 27 пункттан турган иш-чаралар иштелип чыгылды. Электр чубалгыларынын 50 чакырымы капиталдык оңдоп-түзөтүүдөн, көмөк чордондордун 313 жабдыгы, 676 чакырым аба чубалгылары жана 1981 даана көмөк чордон жабдуулары, 70 чакырымдык баруу жолдору оңдоодон өткөрүлөт. Ошондой эле Азия Өнүктүрүү Банкынын «Энергетика секторун өнүктүрүү» долбоорунун алкагында 220/100кВ чыңалуудагы көмөк чордондун 15 комплект элегаз өчүргүчү алмаштырылмакчы.
Күз-кыш мезгилин жакшы өткөрүү үчүн капиталдык оңдоо-түзөтүү иштеринин алкагында 220/110/10 кВ чыңалуудагы «Төрөбаев» жана «Кристалл» көмөк чордондорунун 110/220 кВ чыңалуудагы 9 комплект кирмелерин, 110/220 кВ чыңалуудагы көмөк чордондордун 19 комплект ашыкча чыңалууну жерге өткөргүчтөрүн алмаштыруу ишке ашырылат. Жабдууларга күч келбесин үчүн жана керектөөчүлөрдү электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында 110 кВ чыңалуудагы «Таш-Булак» көмөк чордонунун экинчи кезегинин курулушу 40 МВА кубаттуулуктагы трансформаторду орнотуу менен жүрөт. Ошондой эле «ТашГЭС-Кристалл-1,2» багытында 750 метр аралыктагы 220 кВ чыңалуудагы зымдар алмаштырылмакчы.
Алдыда турган 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине көмөк чордондордун жана 110-220-500 кВ чыңалуудагы электр өткөргүчтөрүдүн ишенимдүү иштешин камсыз кылуу жана өз убагында даярдоо, негизги өндүрүштүк ишмердик пландарын, 2018-жылга бизнес-пландарды аткаруу максатында ишкананын жетекчилигинин түздөн-түз катышуусу менен өндүрүштүк кызматтардын эксплуатациялык-оңдоо персоналы тарабынан быйылкы 4 ай ичинде электр тармактар чарбасын даярдоо боюнча ири көлөмдөгү иштер аткарылды.
Бул мезгил ичинде көмөк чордон жабдууларын жана 110/220/500 кВ чыңалуудагы электр өткөргүчтөрүн капиталдык жана утурумдук оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүү боюнча пландуу иштер аткарылды. Ар кандай бузулуп калуулардан жана электр өткөргүчтөрүнүн биригип калуусунан сактоо үчүн электр өткөргүчтөр линиясын тазалоого, бузулган изоляторлоорду өз убагында алмаштырууга, баруучу жолдорду оңдоого, трансформатордук майларды сапаттуу кургатууга, 110 кВ чыңалуудагы көмөк чордондордо анын агып кетүүсүн болтурбоого, изоляция жана токтун ашыкча чыңалуусунан коргоо маселелеринде электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, механизация жана унаа каражаттарынын даярдыгына, имараттардын жана жабдуулардын оңдоп-түзөтүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Быйылкы жылдын төрт айында төмөнкү иштер аткарылды:
Капиталдык ремонт жаатында: 220/110 кВ чыңалуудагы көмөк чордондордо 165 даана жабдыктары, 5 даана унаа каражаттары оңдолду.
Утурумдук ремонт жаатында: 220/110 кВ чыңалуудагы көмөк чордондордун 606 даана жабдыктары, 110 кВ чыңалуудагы электр өткөргүчтөр линиясынын 261 чакырымы, 2 даана имараттар жана жабдуулар, 6 даана унаа каражаттары оңдолду.
Андан тышкары, 110 кВ чыңалуудагы «Абасбекова», «Городок», «Юг» көмөк чордондорун жана №72 110 кВ чыңалуудагы «Абасбекова-КАГЭС-2» абал чубалгыларынын мамыларын суу каптап кетишинин алдын алуу максатында сел каналдары тазаланды.
Чыңалуусу 110 кВ барабар болгон «КГЭС-Городок» аба чубалгыларына баруучу жолдор, чыңалуусу 110 кВ барабар болгон «Үрүмбаш-Жетиген» аба чубалгысынын “С” фазасындагы №169 мамысынын шлейфинде үзүлгөн жер кайра калыбына келтирилди.
Ишкер топтордун иш-аракеттерин техникалык жактан камсыз кылуу максатында өткөн жылдын акырында Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр линияларын эксплуатациялоочу участкасына жол тандабас атайын унаа сатып берилген болсо, быйыл ушундай эле атайын унаа Таш-Көмүр жогорку чыңалуудагы электр линияларын эксплуатациялоочу участкасына сатып берилди. Бүгүнкү күндө алардын иш кыйла жеңилдеген. Электр линияларына баруучу жолдорду калыбына келтирүү үчүн атайын жол тазалагыч техника менен да камсыз болду.
Алдыдагы 2018-2019-күз-кыш мезгилине жакшы даярдыктар менен баруу үчүн ишкананын эмгек жамааты колдон келген брдык күч-аракеттерди жасоодо жана 2018-жылга өндүрүштүк ишмердик жана бизнес-планда каралган бардык иштер толугу менен аткарылмакчы.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта