11.06.2018 Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы областагы энергообъектерди кышка даярдоодо
2018-2019-жыл күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында учурда Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда 330,33 км болгон 110 кВ чубалгыларда техникалык тейлөө жыйынтыкталды.
Мындан тышкары, 110-220 кВ 9 көмөкчордондо капиталдык оңдоо иштери жасалды жана 110-220 кВ 12 көмөкчордондо кезектеги оңдоо иштери аткарылууда.
2018-2019 жылдагы күз-кыш мезгилине болгон негизги иштерден тышкары, ишканага тийиштүү объектерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, автотранспорт текшерилип, энергообъектерди суу ташкындардан сактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Жалпылап айтканда оңдоп-түзөө иштери бекитилген планга ылайык ишке ашырылууда.
Ал эми капиталдык курулуш багыты боюнча 110/10 кВ «Григорьевка» көмөкчордонунда жаңы трансформаторлорду орнотууда 10кВ-КРУН алмаштырылууда. Негизги максат Ысык-Көл областынын тургундарын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо.
Поделиться в социальных сетях