18.06.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК республика боюнча жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууда
2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү багытында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы республиканын бардык аймактарындагы жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларында 47 миңден ашык обочолоткучтарды алмаштырууда.
Иштөө мөөнөтү аяктаган фарфордук обочолоткучтар жаңы заманбап чыңалган айнек обочолоткучтарга алмаштырылууда, ал механикалык жактан туруктуу болуп саналат. Чыңалган айнек обочолоткучтар жаратылыш шарттарына туруктуу, сапаты жагынан фарфорго караганда алда канча жогору. Алмаштырылып жаткан жаңы обочолоткучтар кышкысын аба чубалгыларына жүктөм жогорулаган убакта ишенимдүүлүктү камсыздай алат.
Обочолоткучтарды алмаштыруу боюнча иш чаралар 2017-жылы башталган. Бул убакыт аралыгында 49 миң обочолоткуч алмаштырылган, ал жалпы обочолоткучтардын 27 пайызын түзөт. Планга ылайык 2021-жылга карата 198 миң обочолоткучтар толугу менен алмаштырылып бүтөт.
Эскерте кетүүчү нерсе: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын карамагында 110 кВ, 220 кВ жана 500 кВ түзгөн жалпы узундугу 7 548 км болгон жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары бар.
Поделиться в социальных сетях