26.06.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын төрагалыгы алдында Кыргызстанда Борбор Азиянын энергетикалык координациялык кеңешинин комиссиясынын жана Борбор Азия электроэнергетикалык координациялык кеңешинин кезектеги жыйындары өттү
2018-жылдын 20-21-июнь күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын төрагалыгы алдында Кыргызстанда Борбор Азиянын энергетикалык координациялык кеңешинин комиссиясынын жана Борбор Азия электроэнергетикалык координациялык кеңешинин кезектеги жыйындары өттү.
Жыйындарга «KEGOC» АК, «Узбекэнерго» АК, «Барки Точик» АК, «Энергия» координациялык диспетчердик борбору, Россия Федерациясынан келген атайын коноктор жана Улуттук энергохолдингдин өкүлдөрү катышышты.
Иш чаранын жүрүшүндө анын катышуучулары 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилин өткөргөндүгү тууралуу маалымат менен бөлүшүшүп, алдыдагы жылытуу мезгили, энергетика тармагындагы маанилүү маселелер тууралуу маалымат бөлүшүштү.
Ошондой эле Борбор Азиялык электроэнергетикалык Кеңешке кирген мамлекеттердеги энергетикалык абалды талкуулашты.
Поделиться в социальных сетях