26.06.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Бишкек шаарындагы «Промышленная» көмөк чордонун модернизациялоодо
Учурда ал шаардын чыгыш тарабындагы өнөр жай аймагын жана ага жакын жайгашкан – Тунгуч, Учкун, Алтын-Ордо конуштарын электр энергиясы менен камсыздайт.
«Промышленная» көмөк чордону 1969-жылы ишке киргизилген, ал эми экинчи кезек 1971- жылы ишке берилген.
Быйыл «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК капиталдык курулуш мерчемине ылайык көмөк чордондун эски жабдуулары жаңы заманбап кубаттуулугу жогору болгон жабдууларга алмаштырылып модернизацияланууда.
«Кара-Жыгач», «Электровакуумная – 1,2», «ДСК» 35кВ чубалгыларына жүктөм көбөйгөндөн улам көмөк чордон жаңыланууга муктаж болгон.
Үчүнчү кезектеги курулушта кубаттуулугу жогору болгон трансформатор, эскирген майлуу өчүргүчтөр жаңы заманбап элегаздык өчүргүчтөргө алмаштырылууда.
Көмөк чордондун модернизацияланышы Бишкек шаарынын чыгыш тарабындагы өнөр жай аймагын жана жеке абоненттерин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздай алат.
Поделиться в социальных сетях