12.07.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК: аба ырайынын кескин ысышынан улам электр энергиясын пайдалануу жогорулады
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык акыркы күндөрдө аба ырайынын кескин ысышынан улам республика боюнча электр энергиясын пайдалануу 5 пайызга жогорулады.
Шаар жергесинде электр энергиясын пайдалануу өзгөчө күндүзкү убакытта көбөйүп өткөн суткаларга салыштырмалуу 40 пайызга жогорулады. 8 июлда 27 млн. 114 миң кВт.саат электр энергиясы пайдаланылса, 10-июлда бул көрсөткүч 29 млн. 043 миң кВт. саатты түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 10 июлда 26 млн 683 миң кВт. саатты түзгөн.
Негизинен электр энергиясынын керектөөсүнүн жогорулашынын себептеринин бири кондиционер менен желдеткичтерди пайдалануу.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК объектери жогорку жүктөм менен иштеп калкты, экономикалык жана социалдык обьектерди толук кандуу электр энергиясы менен камсыздай алат.
Поделиться в социальных сетях