16.07.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому кадрлар тобунун мамлекеттик тил боюнча адис ваканттык кызматына ачык конкурс жарыялайт
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат:
- таржымал сүрөтү менен;
- кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражаны жана илимий ченди ыйгаруу жөнүндө нотариалдык жактан же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн) тастыктаган документтер;
- паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
- сунуштоолор.
Талап кылынган конкурстук документтер «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун кадрлар тобуна 2018-жылдын 18-июлунун саат 10:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча Бишкек шаары, Жибек–Жолу проспектиси, 326, 215-бөл. берилүүгө тийиш, тел. 662012.
Кадрлар тобунун мамлекеттик тил боюнча адис кызматына квалификациялык талаптар:
1) филология (лингвистика, журналистика) жогорку кесиптик билими;
2) нускамаларды, жоболорду, усулдук көрсөтмөлөрдү, буйруктарды, протоколдорду, чечимдерди жана башка документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу, редакциялоо чөйрөсүндө иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес;
3) иш кагаздарын эти тилде тең алып баруу;
4) Кыргыз Республикасынын укук ченемдик, анын ичинен мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелер боюнча актыларын билүү
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү тармагындагы сертификаттарынын болушуна артыкчылык берет.
Конкурска төмөнкү адамдар катыша алышпайт:
- анкеталык маалыматтары көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык
келбеген талапкерлер;
- соттолгондугу жокко чыгарылбаган же алынып салынбагандар;
- Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбегендер.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта