26.07.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Ысык-Көл областындагы жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорду жаңылоодо
“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК Ысык-Көл облусундагы жогорку чыңалуудагы көмөкчү чордондордогу май менен иштеген эски өчүргүчтөрдүн ордуна 17 жаңы элегаздуу өчүргүчтөр жана 110 кВ агын трансформаторлор алмаштырылат. Мындан тышкары «Пржевальская» жана «Долинка» көмөкчү чордонунда күчтүк трансформаторлор алмаштырылат. Мындан ташкары «Пржевальская» көмөкчү чордонунда ири иштердин жасалышы пландалууда, ага ылайык 6 кВ чыңалуу 10 кВ алмаштырылат.
Учурда «Григорьевка» көмөкчү чордонунун реконструкцияланышы аяктоо алдында турат. 220 кВ автотрансформаторлордо жана 110 кВ күчтүк трансформаторлордо эскилиги жеткен 17 даана алгыч алмаштырылат.
Иштин ишенимдүүлүгүн күчөтүү үчүн 110 кВ «Тамга-Пржевальск» аба чубалгысында 1000 даана фарфор изолятор айнек изоляторлорго алмаштырылган.
Облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн, курорттук-рекреакциялык объекттерди туристтик мезгилинде электр менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурабашын жана сапаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетика объекттерин жаңылоо иштерин компаниялар аткарып жатат.
Маалымат үчүн:«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому – электр станциялары иштеп чыккан электрэнергиясын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары аркылуу республиканын бүткүл аймагы боюнча бөлүштүрүүчү компанияларга жана ири керектөөчүлөргө жеткирүүчү энергетикалык компания болуп саналат. Ысык-Көл жана Нарын областарынын керектөөчүлөрүн “Чыгыш электр” бөлүштүрүүчү компания электр энергиясы менен камсыздайт.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта