27.07.2018 Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Ысык-Көл областынын «Кырчын» жайлоосу 110 кВ «Григорьевка» көмөкчү чордонунан электр энергиясы менен камсыздалат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл филиалы 110 кВ «Григорьевка» көмөкчү чордонун реконструкциялоо, 10 кВ эскирген сыртта орнотулуучу комплектелген бөлүштүрүүчү түзүлүштү алмаштыруу жана кошумча трансформаторду орнотуу үчүн бир катар иштерди жасап жатат.
110 кВ «Ананьево» көмөкчү чордону резервдеги электр энергиясы менен камсыздайт.
Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жатканда адистер күнү-түнү кезметке турушу жана электр тармактарын ыкчам тейлөөлөрү үчүн 110 кВ «Чолпон-Ата» көмөкчү чордонуна кошумча кызматтык жайлар түзүлөт.
Поделиться в социальных сетях