29.08.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК менен бирдикте чыгарган басылмалар КМШ өлкөлөрүнүн Электрэнергетикалык кеңешинин Ардактуу Диплому менен сыйланды
КМШ мамлекеттеринин арасында электрэнергетикасын чагылдырган басылмалар арасында эл аралык сынак жарыяланган, анда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын катышуусу менен басылып чыккан басылмалар: «Кыргыз Республикасынын Энергетикалык тутуму», «Кыргызстандын энергетиктери», «КУЭТ филиалы – Ош жогорку чыңалуудагы электр тармагы ишканасы” энергетика тармагында актуалдуу маселелерди көтөрүп чыккандыгы үчүн КМШ мамлекеттеринин электрэнергетикалык кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйланды.
Сынак КМШ мамлекеттеринин Электрэнергетикалык Кеңеши тарабынан, сынактарды өткөрүү Жобосуна ылайык уюштурулган.
Сынактын калыстар тобуна Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия Федерациясынын жана Электрэнергетикалык Кеңештин аткаруу комитетинин өкүлдөрү кирди. Калыстар тобунун ишине Кыргызстандан «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Саргашкаева Элзада Рысбековна катышты.
Сынакка электрэнергетика тармагындагы маселелерди чагылдырган басылмалар кабыл алынган.
Поделиться в социальных сетях