06.09.2018 Кыргызстандын энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 2018-жылдын август айында 856 млн. кВт.с. түздү
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык 2018-жылдын август айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 856 млн. кВт.с. түздү. 2017-жылы бул көрсөткүч 796 млн. кВт.с. түзгөн.
Үстүбүздөгү жылдын 8 айында республиканын энергетика тутумунда 8 377,246 млн. кВт.с. электр энергиясы керектелген.
Поделиться в социальных сетях