17.09.2018 Фоторепортаж: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК кызматкерлери Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү акциясына жигердүү катышышты
15-сентябрда өткөн Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү акциясына «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК кызматкерлери активдүү катышты. Ишембиликке компаниянын борбордук аппараты менен бирге облустарда жайгашкан ишканалардын жумушчулары да чыгышты.
Акциянын жүрүшүндө кызматкерлер административдик имараттардын, көмөк чордондордун, жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын тегерек четтерин тазалашты. Ал эми борбордук аппараттын жетекчилиги менен кызматкерлери Жылуу булак тоосунда көп учурда эс алуучулар калтырып кеткен таштандыларды жыйнашты.
Иш чаранын башкы максаты өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан экологиялык абалга коомчулуктун көңүлүн буруу.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кызматкерлери быйыл жазында өткөн «Таза жашоо» үч айлык кампаниясына да активдүү катышкан. Анда үч ай аралыгында республика боюнча ишембиликтерге 3 миңге жакын энергетиктер чыгышкан.
Поделиться в социальных сетях