19.09.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК мамлекеттик тил күнүнө арналган «Тилибиз биздин дилибиз» аттуу салтанаттуу иш чара өттү
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жыйындар залында бүгүн 19-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Тилибиз биздин дилибиз» жана залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Айтматов – кылым жазуучусу» деген аталышта маданий иш чара өттү.
Салтанаттык иш чараны ачып жатып «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары Рысбеков Алтынбек Дурусбекович чогулгандарды майрамы менен куттуктады. Ал бул майрамдын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Жыл сайын 23-сентябрда биз Мамлекеттик тил күнүн белгилейбиз, ал мамлекеттүүлүктүн символу», - деди А. Рысбеков.
Салтанаттын жүрүшүндө, «Кыргыз тил» коомунун жетекчиси Райымжан Курбанов чогулгандарды куттуктады.
«Элибизде «Тил – элдин жүзү жана байлыгы» дейт. Кыргыз тили чыныгы мамлекеттик тил болуш үчүн ар бир жаран улутуна карабай мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө өз салымын кошушу керек. Тилибиз байлыгыбыз – сыймыгыбыз. Мамлекеттик тил достуктун, улуттар аралык биримдүүлүктүн тили», - деди ал.
Маданий иш чара концерттик программа менен коштолду, анда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Поделиться в социальных сетях