03.10.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдарынын кышка болгон даярдыгын комиссия текшерүүдө
2018-жылдын 17-сентябрынан баштап жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканалары - «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдарынын кышка болгон даярдыгын комиссия текшере баштады.
Комиссиянын курамына «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын кызматкерлери, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын техникалык кызматынын адистери жана КР Өкмөтү алдындагы Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын өкүлдөрү кирген.
Текшерүү учурунда, аткарылган иштердин сапатына, көлөмүнө жана белгиленген мөөнөтүнө көңүл бурулууда. 2018-2019-жылдар күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иштер - энергообъектердин капиталдык жана утурумдук оңдоо иштеринен тышкары имараттардын, чарбалык жайлардын жана автотранспорттун даярдыгын да камтыйт.
Текшерүү комиссиясы өз ишин 2018-жылдын 6-октябрында жыйынтыктайт. Анын жыйынтыгы боюнча жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканаларынын 2018-2019-жылдар күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу Актылар түзүлөт, кемчиликтер болсо, атайын иш чаралар иштелип чыгат.
Учурда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 110 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы 101,82 км узундуктагы аба чубалгыларында капиталдык оңдоо иштерин жыйынтыктады план 100 пайызга аткарылды.
Күз-кыш мезгили башталгыча жалпы кубаттуулугу 91 МВА түзгөн 4 трансформатор капиталдык оңдоодон өтөт.
Компания тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш чаралардын баары планга ылайык аткарылууда, графиктен калуу болгон жок.
Билдирме: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому – электр станциялары иштеп чыккан электр энергиясын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары аркылуу республиканын бүткүл аймагы боюнча бөлүштүрүүчү компанияларга жана ири керектөөчүлөргө жеткирүүчү энергетикалык компания болуп саналат.
Компаниянын филиалдары республиканын облустарында жайгашкан:
Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы;
Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы;
Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы;
Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы;
Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы;
Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта