28.09.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда CASA-1000 долбоорунун алкагында 500 кВ 125 км өзгөрүлмө агын аба чубалгыларын куруу боюнча макулдашууга кол коюлду
2018-жылдын 20-21-сентябрында Казакстандын Алматы шаарында CASA-1000 долбоору боюнча бирдиктүү жумушчу топ жана Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Анда долбоор боюнча 2015-жылдын апрель айында кол коюлган Башкы макулдашуунун күчүнө кириши жана сатып алуулардын статусу боюнча маселелер каралган.
CASA-1000 Өкмөттөр аралык кеңештин ишинин жыйынтыгы боюнча бардык алдын ала каралган шарттар аткарылгандыгынан улам Башкы макулдашуу күчүнө кирген жана CASA-1000 эл аралык долбоорго кирген мамлекеттер Өкмөттөр аралык кепилдиктер менен алмашышкан.
Ошондой эле жыйында Башкы макулдашууга ылайык 2018-жылдын 21-сентябры курулуш иштеринин башталышы деп табылсын деген чечим кабыл алынган. Себеби бул күнү Тажикстанда (Сангтуда) жана Пакистанда (Ноушер) конвертердик станциялардын курулушу боюнча макулдашууларга кол коюлган. Жогорудагы маселелер боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин министрлер деңгээлинде резолюциясы кабыл алынган, ага Кыргызстандан Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасы мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич катышкан. Тажикстан Республикасы тарабынан энергетика жана суу ресурстары министри - Усмонали Усмонзода, Афганистан Ислам Республикасынын Энергетика жана суу ресурстары министринин милдетин аткаруучу - Мохаммад Гуль Кулми, Пакистан Ислам Республикасынын Энергетика министрлигини атайын катчысы - Хасан Насир Жами катышкан.
2018-жылдын 26-сентябрында Бишкек шаарында CASA-1000 долбоору боюнча билдирме берүүчү компания «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы жана куруучу компания «MITAS» (Түркия) ортосунда 500 кВ 125 км өзгөрүлмө агын аба чубалгыларын кыргыз-тажик чек арасына чейин куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.
Эскерте кетъъчъ нерсе: Эл аралык тендер CASA-1000 долбоорунун консультациялык уюму болуп саналган Эл аралык каржы корпорациясы (ЭКК) тарабынан жарыяланган. 2016-жылы ЭКК кесипкөй энергетикалык консультациялык Пауер Грид (Индия) компаниясын тандап алып ал тендердик билдирмелерди баалаган. Анын жыйынтыгында сынактык билдирмелердин ичинен «MITAS» (Түркия) компаниясы сынактын бардык квалификацияларына жооп берип, төмөнкү сумманы сунуштап жеңип чыккан.
Келишимге кол коюу иш чарасына CASA-1000 долбоорунун катчылыгынын аткаруучу директору, билдирме берүүчү тараптан «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын гендиректору, «MITAS» (Түркия) компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директордун орун басары катышышты.
CASA-1000 долбоору - Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан мамлекеттеринин тарыхындагы маанилүү кызматташтык. Заманбап жана эффективдүү тутум Борбор Азия жана Түштүк Азия аймагында энергетикалык рынокту түптөөгө шарт түзүүдө.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта