23.10.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Кыргыз Республикасынын энергетикасына эмгек сиңирген энергетик Ахонин Семён Григорьевичтин 110 жылдык мааракесине арналган конференция өттү
Иш чара Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларын жана Ахонин Семён Григорьевичти эскерүү менен Жңиш аянтында гүл чамбарларды коюу менен башталды.
Конференцияга «Улуттук энергетикалик холдинг компаниясы», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Электр станция» ачык акционердик коомдорунун жетекчилери жана энергетик ветерандар катышты.
Семён Григорьевич Ахонин Кыргыз ССР энергетика жана электрлештирүү Башкы башкармалыгынын жетекчиси болгон.
Ахонин С.Г. иштеген учурда Кыргызстандын тоолуу аймагында энергетикалык өнүгүү болгон. Анын жетекчилиги алдында жана анын жеке эмгеги менен энергетика өз алдынча болуп, тез өнүгүп республиканын эл чарбасынын талаптарын толук камсыздай алган.
Бул убакытта энергетикалык кубаттуулук тез темп менен өсө баштаган - Уч-коргон ГЭС, Ат-Башы ГЭС, Токтогул ГЭСте 300 миң. кВт кубаттуулуктагы эки гидроагрегат, Ош ЖЭБте 25 миң кВт кубаттуулуктагы эки өндүрүштүк турбоагрегат ишке берилген.
Фрунзе ЖЭБте үчүнчү кезектеги курулуш жана Курпсай ГЭСтин курулушу башталган. Электрэнергиясын иштеп чыгуу үч эсеге өсүп 1963-жылы 1,4 млрд. кВт саатка, 1974-жылы 4,2 млрд. кВт саатка жеткен.
Ахонин С.Г жетекчилиги алдында тармактык курулуш боюнча кеңейтилген программа иштелип чыккан. Баардыгы болуп 0,4-10 кВ 19000 км АЧ жана андан жогорку 4000 км аба чубалгылары курулган. Фрунзе ТЭЦ жана «Главная» көмөк чордонуна чейинки чубалгынын биринчи участкасынын курулушу аяктаган, «Главная» көмөк чордондон «Быстровка» КЧ 220 кВ чубалгы курулган, Талас өрөөнүндөгү 110 кВ Жамбул ГРЭС ишке берилген, Фрунзе-Жамбул 220 кВ АЧ ишке берилген. Ошондой эле 500 кВ Токтогул ГЭСтен «Андижан» көмөк чордонуна чейинки линия курулган. Ошондой эле 500 кВ «Токтогул ГЭС - Фрунзенская» аба чубалгысынын курулушу башталган.
220 кВ Фрунзе-Алма-Ата аба чубалгысы биригип Кыргыз энерготутумунда жаңы Борбордук диспетчердик пункт ишке берилген.
Семён Григорьевичти замандаштары талыкпай эмгектенген, түгөнгүс ички энергияга бай, иш процессин уюштура билген, өзүнө жана башкаларга да талапты катуу койгон инсан катары баалашат. Ал кайсыл жакта гана иштебесин жогорку адискөй оор инженердик-техникалык маселелерди чечкен энергетиктер арасында жогорку абройго ээ болгон, ошол эле маалда ал чыгармачыл да адам болгон.
Семён Григорьевич кесиптештеринин, окуучуларынын, замандаштарынын эсинде оптимист, ишине жан-дили менен берилген адискөй адам катары сакталып калган.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта