01.11.2018 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Улуттук энергохолдингдин Башкаруусунун кеңейтилген жыйыны өттү
2018-жылдын 31-октябрында Улуттук энергохолдингдин башкаруусунун төрагасы Азамат Абдыкадыровдун жетекчилиги алдында Улуттук энергохолдингдин Башкаруусунун кеңейтилген жыйыны өттү.
Жыйында холдинг алдындагы компаниялардын 2018-2019-жылдар күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча маселелер каралды.
Жыйынга Улуттук энергохолдингдин төрагасынын орун басары, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК, «Электр станциялары» ААК, «Түндүкэлектр» ААК, «Чыгышэлектр» ААК, «Ошэлектр» ААК, «Жалалабатэлектр» ААК, «Бишкекжылуулуктармагы» ААК жана «Чакан ГЭС» ААКнын жетекчилери катышты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча 2018-2019-жылдар күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү боюнча тапшырмалар коюлуп аны ишк ашыруу маселелери каралды.
Чогулуш планга ылайык өткөрүлдү, кийинки жыйын 12 айдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлөт.
Поделиться в социальных сетях