01.12.2018 Ысык-Көл районунда катуу шамалдан улам жогорку чыңалуудагы электр линиялары жабыркады
2018 - жылдын 1-декабры түнкү саат 02-02де Ысык-Көл районунда катуу шамалдан улам, ылдамдыгы секундасына 25 м3 жетип 110 кВ «Ысык- Көл - Чолпон-Ата 1» аба чубалгысынын темир-бетон тирөөчтөрү жабыркаган.
Учурда Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы жабыркаган тирөөчтөрдү калыбына келтирүүдө.
Бул чубалгы аркылуу электр жарыгы менен камсыздалгандар 110 кВ «Ысык-Кол-Чолпон-Ата 2» чубалгы аркылуу электр энергиясы берилип жатат.
Поделиться в социальных сетях