03.12.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери катуу шамалдын кесепеттерин жоюуда
2018-жылдын 1-декабрында түнкү саат 02-02де Ысык-Көл районунун Өрнөк жана Чоктал айылдарында катуу шамалдан улам 110 кВ «Ысык-Көл – Чолпон-Ата 1» аба чубалгысынын темир-бетон тирөөчтөрү жабыркаган. Тамчы аэропортунун маалыматына ылайык шамалдын ылдамдыгы секундасына 32 м. жеткен.
Жабыркаган участоктор чектелип, бардык керектөөчүлөр саат 09-50дө электр энергиясы менен башка чубалгы аркылуу камсыздалган, иштеп жаткан жабдыка ашыкча жүктөм болгон жок. Жаратылыш кырсыгынан улам жабыркаган тирөөчтөрдү калыбына келтирүү максатында бир нече авариялык-калыбына келтирүүчү топтор уюштурулган. Атайын жана аны менен бирге келишимдик техникалар тартылган.
Жабыркаган тирөөчтөрдү алмаштыруу үчүн Кемин районундагы 220 кВ «Быстровка-Чүй» аба чубалгысындагы тирөөчтөр алынат (участок 2015-жылдан бери иштебей демонтажга муктаж болгон). Демонтаж иштерин «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалынын бригадасы «Түндүкэлектр» ААКсынын көмөгү менен жүргүзүүдө.
2018-жылдын 16-декабрына чейин бузулууларды чететүү иштери мерчимделген.
Поделиться в социальных сетях