«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК энергетика тармагында эмгектенген бардык кесиптештерин келе жаткан кесиптик майрамы – Энергетиктер күнү менен куттуктайт!
Урматтуу кесиптештер!
Кесиптик майрамыңыздар Энергетиктер күнү кут болсун!
Сиздерге ден соолук, бакыт-таалай, ишиңиздерде ийгилик, бакубат турмуш жана авариясыз иш каалайбыз! Жарык жана жылуулук үйүңүздөрдү жылытып, эң кымбат жана жакын адамдарыңыздар жаныңыздарда болсун!
Бүгүнкү күндө энергетика тармагы – бул өлкөнүн экономикасынын кыймылдаткыч күчү, коомдун өсүп өнүгүшүнүн негизи. Үзгүлтүксүз электр энергиясынын аркасында кыргызстандыктардын үйүндө жылуу, жарык болуп, ишканалар жана мамлекеттик мекемелер стабилдүү иштеп өнүгүүдө.
Энергетиктер күнү – бул өнөр жайындагы бардык жумушчулардын майрамы, ал өзүнө электр энергиясын иштеп чыгуу, жеткирүү, жылуулук электр энергиясын иштеп чыгуу тармагын камтып 22-декабрь жылдын эң кыска күнүндө белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 30 июнундагы №461 токтому менен, мамлекеттик-акционердик холдинг энергетикалык компаниясынын сунушу жана 1920-жылы 22-декабрда Кыргызстандагы биринчи гидроэлектростанцияларды куруу боюнча чечимди эске алуу менен 22-декабрь Энергетиктер күнү деп кабыл алынган.
Поделиться в социальных сетях