21.12.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКнын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнүнө карата салатанттык иш чара өттү
Бүгүн 2018-жылдын 21-декабрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жыйындар залында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» жана «Электр станциялары» ААКнын Кыргызстандын энергетиктер күнүнө арналган салтанаттуу иш чарасы өттү.
Чогулгандарды Улуттук энергохолдинг ААКнын төрагасы Азамат Абдыкадыров, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Медетбек Айткулов, «Электр станциялары» ААКнын башкы директору Аскар Эшимбеков, «Кыргызстан аялдар конгрессинин» ардактуу мүчөсү Роза Озубекова, РК профсоюз төрагасы Шамил Осмонов кесиптик майрамы менен куттукташты.
Жыйында ишиндеги жетишкендиктери, жогорку көрсөткүчтөрү үчүн энергокомпаниянын өкүлдөрүнө Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы мамлекеттик комитетинин, Улуттук энергохолдингдин, «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Электр станциялары» жана «Кыргызстан аялдар конгрессинин» ардак грамоталары менен дипломдору тапшырылды.
Ал эми «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын пайдалануу жана оңдоо департаментинин директору Жолдошбек Ачикеевге Кыргыз Республикасынын премьер-министринин атынан «III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү» эмгеги үчүн ыраазычылык кат тапшырылды.
Эскерте кетүүчү нерсе, быйыл «III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК оюндар учурунда электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүдө чөң иш алып барган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 30 июнундагы №461 токтому менен, мамлекеттик-акционердик холдинг энергетикалык компаниясынын сунушу жана 1920-жылы 22-декабрда Кыргызстандагы биринчи гидроэлектростанцияларды куруу боюнча чечимди эске алуу менен 22-декабрь Энергетиктер күнү деп кабыл алынган.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта