22.12.2018 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министи Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз.
«Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – Энергетика күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Энергетика тармагынын жаралышы менен ар бир үйгө жарык менен жылуулуктун берилиши жеңилдеди. Адамзаттын азыркы жашоосун энергетикасыз элестетүү кыйын. Ал эми экономика, өнүккөн технологиянын баары энергетиканын өсүп-өркүндөшүнө кызыкдар.
Кыргызстандын энергетика тармагы – өлкөбүздүн экономикасынын негизги, бюджет түзүүчү тармактарынын бири. Бул тармакта жолго салынып, аткарылып жаткан иштер тармактын өнүгүшү үчүн гана эмес, элибиздин бакубаттыгынын өсүшү үчүн дагы шарттарды түзүүдө.
Учурда Өкмөт тарабынан энергетиканы өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү ири долбоорлор ишке ашырылууда: «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоору активдүү фазада турат, анын алкагында 2018-жылы күч трансформаторлорун, 500 кВ кабелдик линияларды, ошондой эле энергия блокторунда көмөкчү электр-механикалык жабдуулар алмаштырылды; Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого жана Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Бүгүн өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого бүт-күч-аракеттер жасалууда.
Жаңы кубаттуулуктарды көбөйтүү жана иштеп жаткандарын модернизациялоо, электр берүү линияларын жана подстанцияларын куруу, энергетикалык процесстерди башкаруунун заманбап автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү Өкмөттүн энергетика тармагынын келечектүү милдеттерине кирет.
Тармактын ардагерлери өзгөчө ыраазычылыктарга арзыйт. Алар өлкөбүздүн энергия системасынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошушкан, өлкөбүздүн энергетикасынын келечекте өнүгүшү үчүн ишенимдүү пайдубал түптөшкөн. Алардын эмгегинин натыйжасында бүгүнкү күнү өлкөбүздүн коңшу мамлекеттерден энергетикага болгон көз карандылыгы жоюлду. Энергетика тармагынын кийинки муундары ардагерлердин кайратман эмгегин барктап, эмгегинин үзүрүн тек гана пайдаланбастан, андан ары татыктуу улантууга милдеттүү.
Урматтуу энергетиктер,
Сиздердин эмгегиңиздер өтө маанилүү. Мындан ары дагы сиздер энергетикалык комплекстин өнүгүүсүн, анын туруктуу, ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кыла бересиздер деп ишенем.
Сиздерге жаңы эмгектик ийгиликтерди, илимий жетишкендиктерди, бекем ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык каалайм!».
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта