24.12.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын ири көмөк чордондорунун бири 40 жылдык мааракесин белгиледи
Кыргыз энерготутумундагы 500 кВ «Фрунзенская» көмөк чордону 40 жылдык мааракесин белгиледи. Салтанаттык иш чара компаниянын жетекчилиги жана көмөк чордондун кызматкерлери менен бирдикте көмөк чордондун өзүндө болду.
Көмөк чордондун кызматкерлерин «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Эмил Куданалиев, иштетүү жана ондоо кызматынын жетекчиси Мурат Калкабаев, Чүй филиалынын башкы инженери Мирсталбек Ногоев көмөк чордондун жумушчуларын куттукташты.
Ишиндеги мыкты көрсөткүчтөр үчүн бир топ жумушчулар ардак грамота жана дипломдор менен сыйланышты. Мындан тышкары республикадагы көмөк чордондор арасындагы сынакта женүүчү деп табылып, дипломго ээ болушту.
Иш чаранын жүрүшүндө чогулгандар 1976-жылы 500 кВ АЧ курууда авария учурунда каза болгон жумушчулардын элесине коюлган эстеликке гүл коюшту.
Салатанаттык иш чара көмөк чордондун аймагына арчанын көчөттөрүн отургузуу менен уланды. Ар бир мааракеде арча тигүү салтка айланып калган, учурда ал жакта арчалардын аллеясы түзүлүп калды.
Поделиться в социальных сетях