10.01.2019 Кыргызстандын энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 2018-жылдын декабрь айында 1 млрд. 837 млн. кВт.с. түздү
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык 2018-жылдын декабрь айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 1 млрд. 837 млн. кВт.с. түздү.
Жаңы жыл алдында электр энергиясына болгон керектөөнүн жогорулашы байкалган жок, 31-декабрда керектөө 58 млн. 827 миң кВт.с., 2019-жылдын 1-январында – 56 млн. 393 кВт.с. түздү.
Майрам күндөрү 2019-жылдын 1-7-январга чейин орточо суткалык керектөө 57 млн. 502 миң кВт.с. чегинде болду. Бул күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.
Поделиться в социальных сетях