02.01.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК энергетиктери күчөтүлгөн тартипте ишин улантууда
2018-жылдын 31-декабры 2019-жылдын 1 январында ар кайсы убакта Токтогул ГЭС – Датка жана Токтогул ГЭС-Фрунзенская 500 кВ аба чубалгыларында коргонуудан улам өчүү болгон. Мындай абалда карапты алдын алууда карапка каршы автоматика иштеп аз убакытка электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.
Токтогул ГЭС – Датка 500 кВ АЧ тоолуу аймактагы участокто 48-49 тирөөчтөрдүн ортосундагы зым үзүлгөн, аз убакыт аралыгында ал жерге «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК атайын техника алып барып оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Токтогул ГЭС-Фрунзенская 500-АЧ электр энергиясы өчкөндөн соң 10 мүнөт аралыгында электр жарыгы калыбына келтирилип, карапка чейинки режим калыбына келтирилген.
Поделиться в социальных сетях